Кызыл-Кыя шаарында 5 миң орунга ылайыкталган стадион курулат
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, КР Футбол ассоциациясынын Баткен облусундагы президенти Айбек Шаменов, Баткен шаарындагы футболчулар менен жолукту. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алгач КРнын Футбол ассоциациясынын Баткен облусундагы биринчи вице-президенти Айбек Ражапов футболду өнүктүрүү багытында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Учурда облуста беш футбол командасы бар. Анда 7 жаштан баштап, балдар, өспүрүмдөр, жаштардан, чоңдордон турган топтор ойнойт.
Баткен шаарынын Нур-Баткен, Баткен районунун Туран,Кызыл-Кыя шаарынын Семетей, Металлург-Кадамжай, Исфайрам-Кара-Дөбө командалары түрдүү мелдештерде облустун намысын коргоп келишет.
Ыйгарым укуктуу өкүл Айбек Шаменов, алгач Нур-Баткен командасын Кыргызстандын Супер кубогундагы экинчи оруну менен куттуктап,футболчулар менен жакындан баарлашты.
Ошондой эле КР президентинин "2024 2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын алкагында аткарылчу иш чараларга токтолду.
"Курулушу башталган Баткен шаарындагы 10 миң кишиге ылайыкташкан стадиондо профессионал футболчулар жана жаш оюнчулар тарбияланат. Стадиондун курулушу менен облустук жана республикалык маанидеги масштабдуу иш чараларды өткөрүүгө мыкты шарт түзүлөт”, - деди облус башчысы.
Белгилей кетсек, жакынкы күндөрү Кызыл-Кыя шаарында 5 миң орунга ылайыкталган стадиондун курулушуна капсула салынат. Ал эми Раззаков шаарына да быйылкы жыл ичинде инвесторлордун колдоосу менен заманбап стадиондун курулушун баштоо пландалган.
Облус башчысы жолугушууда Нур-Баткен командасынын эң буту чоң оюнчусуна футболдук бут кийим белекке берип, ийгилик жаратаарына ишеничин билдирди.
