Борбор Азия футбол ассоциациясынын футбол инструкторлору үчүн семинары жыйынтыкталды
23 январь

Борбор Азия футбол ассоциациясынын футбол инструкторлору үчүн семинары жыйынтыкталды

Бүгүн, 23-январь күнү Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде Борбор Азия футбол ассоциациясы (CAFA) тарабынан уюштурулган КФБнын футбол инструкторлору үчүн семинар ийгиликтүү жыйынтыктады.

Окутуунун жабылуу аземине Кыргыз футбол биримдигинин Башкы катчысы Медербек Сыдыков катышып, мындай окутуулардын маанисине токтолду. Ал өз сөзүндө бул сыяктуу эл аралык деңгээлдеги семинарлар кыргыз футболунда калыстыктын өнүгүшүнө, адистердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга жана эл аралык стандарттарга шайкеш иш алып барууга чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Семинарды Азия футбол конфедерациясынын (АФК) инструктору Цейтлин Владислав Григорьевич алып барып, катышуучуларга заманбап калыстыктын негизги аспектилери боюнча актуалдуу жана маанилүү билими менен бөлүштү. 

Окутуунун негизги максаты – инструкторлорду жаңы футбол сезонуна сапаттуу даярдоо, алардын теориялык билим деңгээлин жогорулатуу жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү, ошондой эле баалоо методикаларын АФКнын эл аралык стандарттарына ылайык келтирүү болуп саналат.

Бул семинар инструкторлордун кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатып, Кыргыз Республикасындагы калыстык билим берүүнүн жалпы деңгээлин көтөрүүгө олуттуу салым кошот. Алынган билимдер мындан ары өлкө аймагындагы калыстар арасында активдүү жайылтылып, Кыргызстандын футбол чемпионатындагы беттештерде колдонулат. Бул өз кезегинде калыстыктын сапатын жакшыртууга жана эл аралык талаптарга шайкеш келтирүүгө өбөлгө түзөт.

Жалпы жолунан семинарга 16 инструктор катышып, окууну ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн сертификаттарга ээ болушту.