Ошто таэквондо боюнча эл аралык турнир өтүүдө
Ош шаарындагы “Газпром” спорт комплексинде 15-17 жаштагы спортчулар арасында таэквондо боюнча ITF OSH CUP эл аралык турнири өтүүдө.
Турнирге Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандын 7 дубанынан жана Бишкек, Ош шаарларынан келген 400дөн ашык спортчу катышууда.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын күнүнө арналган бул турнир алгачкы жолу өткөрүлүүдө.
Мелдештер 5-6-октябрь күндөрү өтөт.