Кыргызстандын спортчулары Азербайжандагы III КМШ оюндарына катышууда
29 сентябрь

Кыргызстандын спортчулары Азербайжандагы III КМШ оюндарына катышууда

Азербайжанда 28-сентябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) III оюндары башталды.

Салтанаттуу ачылыш аземи Гянджа шаардык стадионунда өтүп, ага Азербайжан Репсубликасынын президенти Илхам Алиев катышты.

Мелдештердин программасына ылайык 23 спорт түрү боюнча 246 медаль топтому ойнотулат.

Аталган оюндарга Кыргызстандан 126 катышуучу барды, анын ичинде 120сы спортчу.

17 жашка чейинки спортчулар төмөнкү 15 спорттун түрү боюнча күч сынашат:

• волейбол (балдар жана кыздар);

• футбол (U-16);

• баскетбол (3х3);

• көркөм гимнастика;

• таэквондо (WT);

• бокс;

• самбо;

• эркин күрөш;

• грек-рим күрөшү;

• кыз-келиндер күрөшү;

• каратэ (WKF);

• ок атуу;

• жаа атуу;

• байдаркада сүзүү;

• човган.

Спортчулардан тышкары делегациянын курамына машыктыруучулар, калыстар, дарыгерлер жана укалоочулар кирет.

Маалымат үчүн:

Биринчи КМШ оюндары Казань шаарында (Россия, Татарстан) өткөн, ал эми Экинчи КМШ оюндары Беларусь Республикасында уюштурулган.