Бишкекте KFU Football Awards 2024 мыктыларды сыйлоо аземи өтөт
2 декабрь

Бишкекте KFU Football Awards 2024 мыктыларды сыйлоо аземи өтөт

Кыргыз футбол биримдиги футболдогу жетишкендиктер үчүн жыл сайын өтүүчү индивидуалдуу сыйлыктарды тапшыруу аземин өткөрөт. 

Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашкандай, салтанаттуу азем 2024-жылдын 10-декабрында өтөт.

Аземдин түз алып берүүсү Кыргыз Спорт ТВ каналында жеткиликтүү болот.

Сыйлыктар төмөнкү категориялар боюнча өз ээлерин табат:

  • Кыргыз Республикасынын мыкты оюнчусу
  • Кыз-келиндер футболунун мыкты оюнчусу
  • Футзалдын мыкты оюнчусу
  • Футболдун мыкты жаш оюнчусу
  • Футболдун мыкты машыктыруучусу
  • Кыз-келиндер футболунун мыкты машыктыруучусу
  • Футзалдын мыкты машыктыруучусу
  • Футболдун мыкты калысы
  • Футзалдын мыкты калысы
  • Мыкты спорттук уюм
  • Мыкты регионалдык ассоциация
  • Мыкты футбол клубу

Эскертсек, «Кыз-келиндер футболунун мыкты машыктыруучусу» номинациясы бул жылы жаңы түзүлдү.

КФБнен ар бир сыйлыкка болгон талапкерлердин тизмеси кошумча жарыяланарын кошумчалашты.