Азия Кубогу (U-17): Кыргызстандын курамасы Бангкокто машыгууларын өткөрүүдө
12 сентябрь

Азия Кубогу (U-17): Кыргызстандын курамасы Бангкокто машыгууларын өткөрүүдө

Азия кубогунун тандоо оюндарына ийгиликтүү даярдануу максатында, Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-17) Таиланддын Бангкок шаарында окуу-машыгуу жыйынын өтүп жатышат.

кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, жыйын 11-сентябрда башталды. 

Игорь Никитиндин жетекчилиги алдындагы кураманын окуу-машыгуу жыйынына жалпы 24 оюнчу катышууда.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйындын алкагында курама команда Таиланддын курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт.

Жыйынга чакырылган оюнчулардын тизмеси:

Дарбазачылар

Актан Абдыраев (Дордой), Александр Шапкарин (Дордой), Даниел Кулуев (Илбирс).

Коргоочулар

Эрбол Бакирдинов (Илбирс), Мухаммаддиор Хамидуллоев (Алай), Шахсултан Жумабаев (Алай), Айдар Муратбеков (Дордой), Исхак Наджимидинов (Дордой), Тилекмат Зарыпбеков (Илбирс), Назар Кенжебек уулу (Чемпион), Тагай Болотбеков (Герреро).

Жарым коргоочулар

Иннан Хе (Дордой), Жанболот Ормонов (Алай), Умар Талантбеков (Абдыш-Ата), Нурсултан Алишеров (Спартак Москва), Сыймык Садырбаев (Илбирс), Эмир Ишенбеков (Илбирс), Мозамел Саид Хотаки (Дордой), Бекзат Урмаматов (Алай), Мухаммад Юлдашев (Алай).

Чабуулчулар

Кайрат Канатов (Абдыш-Ата), Айдар Алтынбеков (Алай), Амантур Исаков (Дордой), Залкар Сабатов (Дордой).

Машыктыруучулар штабы

  • Игорь Никитин – башкы машыктыруучу
  • Эрмек Нусубалиев – машыктыруучунун жардамчысы
  • Искендер Тимур уулу– дарбазачылардын машыктыруучусу
  • Максим Есин– менеджер
  • Бектемир Болот уулу – врач
  • Феликс Аширалиев – видео аналитик.