Байсалов олимпиада чемпиону Павел Пинигинге чепкен жаап, тебетей кийгизди
Бишкек шаарында өтүп жаткан мас-рестлинг боюнча VI дүйнө чемпионатынын алкагында 30-ноябрында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Якутиядан келген ардактуу конок Павел Пинигинге чепкен жана тебетей тапшырды.
Павел Павлович Пинигин — Олимпиада чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, экстра-класстагы эл аралык категориядагы калыс жана Якут АССРинин эмгек сиңирген дене тарбия кызматкери.
Павел Пинигиндин спорттук карьерасы:
- 1976-жылы Монреалда өткөн Жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында 68 кг салмак категориясында эркин күрөш боюнча алтын медаль утуп алган.
- 1975-жылы СССР Элдеринин Спартакиадасынын жеңүүчүсү.
- 1974-жылы СССР чемпионатынын күмүш медалынын жана 1972-жылы Дүйнө кубогунун күмүш байгесинин ээси.
