ОшМУда реконструкциядан өткөрүлгөн спорт зал пайдаланууга берилди
2 декабрь

ОшМУда реконструкциядан өткөрүлгөн спорт зал пайдаланууга берилди

Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун спорт залы оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, расмий иш-чара 29-ноябрда өткөн. 

Реконструкциялоо иштери былтыр башталып, ОшМУ каражат бөлгөн.

Спорт залда көрүүчүлөр үчүн атайын орундуктар орнотулуп, жарыктандырылды. Кийим  алмаштыруу бөлмөлөр да оңдолгон. 

Иш-чаранын алкагында окуу жайда эмгектенген кызматкерлер арасындагы спартакиадага старт берифлди. Спорттук оюндар бир айга созулат. Анда катышуучулар спорттун сегиз түрү боюнча күч сынашат. Мелдеш 40 жашка чейинки жана андан жогоркулар арасында өтөт. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар каралган.

Ошондой эле ачылыш аземде ректор Кудайберди Кожобеков "ОшМУ" кыз-келиндер волейбол клубуна жаңы формаларды тапшырды.

Команда төрт жыл мурун түзүлүп, Кыргызстандын үч жолку чемпиону болууга жетишкен. Учурда 2025-жылдын жаңы сезонуна даярдык көрүүдө.