Бажы кызматкери пауэрлифтинг боюнча дүйнөлүк чемпионатты жеңип алды
28 октябрь

Бажы кызматкери пауэрлифтинг боюнча дүйнөлүк чемпионатты жеңип алды

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери, бажы кызматынын капитаны Адилет Тилавалдиев WPC/AWPC/ WPCO/A-WPSO/WAO версиясы боюнча өткөн пауэрлифтинг боюнча дүйнөлүк чемпионатты жеңип алды.

Бажы кызматынан кабарлашкандай, биринчилик 25-27-октябрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн. 

Адилет Тилавалдиев 75 килограммга чейинки салмак категориясында жаткан абалынан штанга көтөрүү дисциплинасында күч сынашкан.