Бишкекте Кыргыз спортунун 100 жылдыгына арналган иш-чара өттү
Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында бүгүн, 8-апрелде Кыргыз спортунун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Ага министрлер кбинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Жогорку Кеңешинин депутаттары, спорт ардагерлери атайын чакырылган коноктор катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө спортчуларга, дене тарбия жана спорт кызматкерлерине министрлер кабинетинин Ардак грамотасы жана алкыш барагы, Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жана Дене тарбия жана спорт агентиттиги тарабынан 100 жылдык юбилейлик медаль тапшырылды.
Белгилей кетсек, кыргыз спорту 1925-жылы түптөлүп, өлкө капчыгына алгачкы медалдарды алып келген.
