Кыргызстанда алгачкы жолу футболдук менеджмент программасы ишке ашырылат
Кыргыз футбол биримдиги Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Академиялык билим берүү борбору (ACE) менен биргеликте футбол администрациясы жана менеджменти боюнча ACFAM (AFC Certificate in Football Administration and Management) аттуу сертификаттык программаны гибриддик (аралаш) форматта ишке ашырат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Программанын максаты - футбол тармагында иш алып барган адистердин квалификациясын жогорулатуу болуп саналат.
Бул инновациялык программага Кыргыз футбол биримдигинин аймактык ассоциацияларынан, футболдук клубдардан, футбол академияларынан, лигалардан жана башка түзүмдөрдөн келген 33 адис катышат.
Белгилей кетсек, бул программа АФКга мүчө болгон 47 өлкөнүн ичинен биринчи жолу Кыргызстанда өткөрүлүп жатат.
Академиялык билим берүү борборунун бул демилгеси — кыргыз футбол коомчулугундагы администраторлордун жана негизги кызыкдар тараптардын потенциалын жогорулатууга багытталган системалуу окуу программасы болуп эсептелет. Бул комплекстүү программа катышуучуларга дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларга ылайык футболдук менеджмент жаатында керектүү билим жана практикалык көндүмдөрдү берет.
Программа аралаш форматта өтүп, онлайн жана офлайн форматта болот. Бул ыкма ийкемдүүлүктү камсыздап, сапаттуу билим алууга мүмкүндүк түзөт. Окуу курсу алты айга созулуп, 12 негизги модулду камтыйт. Ар бир модул интерактивдүү талкууларды, практикалык көнүгүүлөрдү камтып, катышуучулар алынган билимин өз ишинде колдонууга шарт түзөт.
Программадагы модулдар төмөнкү темаларды камтыйт: дүйнөлүк футболдун түзүмү, стратегиялык башкаруу, адам ресурстарын башкаруу, киреше табуу, коомдук жоопкерчилик жана балдарды коргоо, иш-чараларды уюштуруу, социалдык жана экологиялык туруктуулук, ММК жана коммуникациялар, финансылык башкаруу, спорт укугу, оперативдик башкаруу жана лидерликтин негиздери.
Программа 2025-жылдын 12-апрелинде башталып, октябрь айынын башында жыйынтыкталат.
