Кыргызстандык волейболчулар Азия чемпионатына (CAVA) катышат
17 октябрь

Кыргызстандык волейболчулар Азия чемпионатына (CAVA) катышат

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатына (CAVA) катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Биринчилик Өзбекстандын Ташкент шаарында 18-24-октябрь күндөрү өтөт. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Афганистан жана Мальдив аралдарынын курама командалары катышат.

Курама команданын тизмеси:

1. Кутманбек Абатаров (коргоочу);

2. Бектурсун Сатылганов (байланыштыруучу);

3. Нурислам Медетбек уулу (борбордук тосмочу);

4. Нурмухамед Токтоев (чабуулчу);

5. Оңолбек Каныбек уулу (диагонал чабуулчу);

6. Ильяз Абдимомун уулу (чабуулчу);

7. Өмүрбек Жунус уулу (чабуулчу);

8. Жамалидин Мусаев (байланыштыруучу);

9. Арген Жаркынбаев (борбордук тосмочу);

10. Жантемир Жээнбек уулу (чабуулчу);

11. Толкунбек Кочконбаев (диагонал чабуулчу);

12. Исламбек Татыкулов (VIS).

Курама команда башкы машыктыруучу Андрей Анкудинов жана улук машыктыруучу Бакыт Алиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.