Кыргызстандык волейболчу кыздар биринчи жолу дүйнө чемпионатына катышат
Кыргызстандын кум үстүндөгү волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы (U-21) өлкө тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпионатына жолдомо алды.
Роза Расулбек кызы жана Айтурган Айтбековадан турган команда Кыргызстандын кум үстүндөгү волейбол боюнча машыктыруучусу Карина Кимдин жетекчилиги алдында 15-19-октябрь күндөрү Мексикада өтө турган 21 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатына катышат.
Спортчу кыздар керектүү рейтингдик упайларды топтоп, Кыргызстандын волейболунун тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпионатынын финалдык мелдештерине катышууга Бишкек шаарында даярдык көрүүдө.
Бул жуп Париж Олимп оюндарынын (2024-ж.) тандоо турунда да күч сынашып, Азиянын эң күчтүү 8 командасы менен беттешкен.
