Дүйнө чемпионаты: Бүгүн грек-рим күрөшү боюнча мелдештер өтөт
28 октябрь

Дүйнө чемпионаты: Бүгүн грек-рим күрөшү боюнча мелдештер өтөт

Бүгүн, 28-октярбда Албаниянын Тирана шаарында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Килемде 55, 63, 72, 82 кг чейинки салмак категорияларында беттештер өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Кыргызстандын атынан төрт спортчу катышат:

  • 55 кг, Улан Муратбек уулу - Хейфан Чжан (Кытай);
  • 63 кг, Дастан Кадыров - Юрген Уку (Албания)
  • 72 кг, Ырыскелди Хамзаев - Абдулло Алиев (Өзбекстан);
  • 82 кг, Азат Салидинов - Ахмед Йилмаз (Түркия).

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.