Дүйнө чемпионаты: Бүгүн грек-рим күрөшү боюнча мелдештер өтөт
Бүгүн, 28-октярбь күнү Албаниянын Тирана шаарында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Килемде 55, 63, 72, 82 кг чейинки салмак категорияларында беттештер өтөт.
Кыргызстандын атынан төрт спортчу катышат:
55 кг: Улан Муратбек уулу - Хейфан Чжан (Кытай);
63 кг: Дастан Кадыров - Юрген Уку (Албания)
72 кг: Ырыскелди Хамзаев - Абдулло Алиев (Өзбекстан);
82 кг: Азат Салидинов - Ахмед Йилмаз (Түркия).
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30 да башталат.
28.10.2024 10:00:29
