Кыргызстандык Жантөрө Мирзалиев грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду
25 август

Кыргызстандык Жантөрө Мирзалиев грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык Жантөрө Мирзалиев грек-рим күрөшү боюнча 67 кг салмактык категориядагы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону болду.

Жантөрө Мирзалиев турнирдеги биринчи беттешинде Беларусь балбаны Ихар Зварыкинди 9:0 эсебинде жеңген. Андан кийин, 1/8 финалда Швейцариялык Робин Бруннерди 8:0 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты.

Чейрек финалда ирандык балбан Хоссейн Абдовалини 5:3 эсебинде жеңип, жарым финалга өткөн. Жарым финалда өзбекстандык Фаёзбек Эшмирзаевди 5:1 эсебинде утуп, финалга чыккан.

Ал эми чечүүчү беттеште 2024-жылдын жаштар арасындагы дүйнө жана Европа чемпиону болгон россиялык Эрза Закриев менен күч сынашып, курч таймашта 3:2 эсебинде жеңишке жетишип, алтын медалга жана жаштар арасындагы дүйнө чемпиону наамына ээ болду.

Бул жеңиши менен Жантөрө Мирзалиев кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болгон алтынчы балбан болуп калды. Буга чейин бул наамга төмөнкү спортчулар ээ болгон:

  • Уран Калилов (1998),
  • Жанарбек Кенжеев (2005),
  • Калы Сулайманов (2016),
  • Эрбол Бакиров (2018),
  • Асан Жанышов (2024).