Кыргызстандык сумочулар Таиландда өткөн дүйнө жана Азия чемпионатында 11 медаль жеңди
Таиланддын борбору Бангкок шаарында 13-14-сентябрь күндөрү сумо күрөшү боюнча Азия жана дүйнө чемпионаты өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Сумо күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы аталган чемпионаттан 11 медаль жеңди.
Азия чемпионатында кыргыз сумочулары жекеме-жеке жана командалык таймаштарда төмөндөгүдөй жыйынтык көрсөттү.
Жекелик оюндарда:
- Надыр Рассуев (115 кг жогору) жана Айкөл Зияпова (80 кг жогору) (күмүш медаль);
- Феликс Эмирлан уулу (85 кг чейин), Аян Сейитбеков (100 кг чейин), Даниел Темирбеков (115 кг чейин) (коло медаль).
Командалык оюндарда:
Эркектер арасында:
- Константин Абдула-Заде, Георгий Абдула-Заде жана Сулде Донгак күмүш медалга ээ болду. Кыргызстандын командасы япон спортчуларына гана утулду.
Аялдар арасында:
Даткайым Уланбек кызы, Айкөл Зияпова жана Сезимай Калмырзаева коло байгени жеңди. Бул Кыргызстандын аялдар курама командасынын тарыхындагы биринчи командалык медаль.
Ал эми дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курама командасы төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетишти:
Георгий Абдула-Заде (85 кг чейин) жана Сезимай Калмырзаева (18 жашка чейинки юниорлор арасындагы абсолюттук категория) күмүш медалга ээ болду.
Константин Абдула-Заде (100 кг чейин) жана Сулде Донгак (115 кг чейин) коло медаль тагынды.
Аян Сейитбеков жана Айкөл Зияпова дагы татыктуу натыйжаларды көрсөтүп, 20дан ашык өлкөнүн спортчуларынын арасында 5-орунду ээледи.
