Өлкө тарыхында биринчи жолу Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадион жаңы деңгээлге чыкты
15 июль

Өлкө тарыхында биринчи жолу Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадион жаңы деңгээлге чыкты

Бүгүнкү күндө стадиондо жеңил атлетика, узундукка жана бийиктикке секирүү, ядро ыргытуу, аралыкка чуркоо үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги Швейцариянын CONICA брендинин технологиясы менен заманбап чуркоо жолдору жасалды. 

Бул технология Кыргызстанда биринчи жолу колдонулуп, чуркоо жолдорунун сырткы каптамасына 12 жылдык кепилдик берилип, аймактын климаттык шарттарына ылайыкташтырылып жасалган. Буга чейин чуркоо жолу 8 чийимге бөлүнгөн болсо, эми дүйнөлүк стандарт менен 9 чийим менен жасалды. 

Эми Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиону  Дүйнөлүк жеңил атлетика (World Athletics) ассоциациясынын сертификатына ээ болот. Бул - спорттун жеңил атлетика түрүн дүйнөлүк деңгээлге чыгарып, эл аралык стандарттагы спорттук мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү болуп эсептелет.