Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмак категориясында күч сынашкан Айпери Медет кызы финалга чыкты.
Финалга чыгуу үчүн болгон күрөштө кыргызстандык балбан украиналык Анастасия Алпееваны 10:5 эсебинде жеңди.
Алтын медаль үчүн беттеште кармашта анын атаандашы Эквадордун балбаны Генезис Вальдес болот.
50 кг, 57 кг, 65 кг жана 76 кг салмак категориялары боюнча финалдык беттештер бүгүн, 17-сентябрда өтөт.
