MUHAMET MALO 2026 рейтингдик турнири. Орозобек Токтомамбетов күмүш утту
Орозобек Токтомамбетов 74 кг чейинки салмак категориясында эркин күрөш боюнча MUHAMET MALO 2026 эл аралык рейтингдик турниринде күмүш медаль жеңип алды.
Чүчү кулактын жыйынтыгына ылайык, кыргызстандык балбан мелдешти 1/8 финалдан баштап, анда азербайжандык Канан Хейбатовду 3:1 эсебинде жеңди.
Чейрек финалда АКШнын спортчусу Куинси Мондейди 5:1 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты.
Жарым финалда Грузиянын өкүлү Георгий Элбакидзе менен кармашып, 2:0 эсебинде үстөмдүк кылып, финалга жолдомо алды.
Чечүүчү беттеште тилекке каршы белгилүү ирандык балбан Йонес Алиакбар Эмамиге 0:5 эсебинде утулуп калды
Эске салсак, спорттук күрөш боюнча MUHAMET MALO 2026 аттуу эл аралык рейтингдик турнири Албания өлкөсүн борбору Тирана шаарында өтүп жатат.
Мелдештер 1-мартка чейин уланат.
