Бишкектик параармрестлер Индияда өткөн Азия чемпионатында ийгилик жаратты
13 май

Бишкектик параармрестлер Индияда өткөн Азия чемпионатында ийгилик жаратты

Бишкектик параармрестлер Индияда өткөн Азия чемпионатында ийгилик жаратты, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 2-8-май күндөрү Индиянын Дели шаарында параармрестлинг боюнча 22-Азия чемпионаты болуп өттү.

Кыргызстандын атынан теннис, паралимпиадалык жана спорттун  күч түрлөрү боюнча ӨРАБӨМдүн үч спортчусу татыктуу катышты.

Спорт мектебинин тарбиялануучулары өз категорияларында мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү:
* Токтосун уулу Бекболсун (60 кг чейин, таяныч-кыймыл аппараты) Азиянын эки жолку чемпиону болуп, сол жана оң кол боюнча алтын медалдарды жеңип алды.
* Камчыбек уулу Эрлан (60 кг чейин, угуу жөндөмүнүн бузулуусу) сол кол боюнча 3-орунду, оң кол боюнча 2-орунду ээлеп, эрктүүлүгүн көрсөтө алды.
* Нурматов Евгений (90 кг жогору, көрүү жөндөмүнүн бузулуусу) сол кол боюнча күмүш, оң кол боюнча коло медалдын ээси болду.

Бул жеңиштер — спортчулардын жана алардын машыктыруучусунун тынымсыз эмгегинин, руханий күчтүүлүгүнүн жана кесипкөйлүгүнүн жыйынтыгы.