Чолпон- Атада парус спорту боюнча Борбор Азиянын чемпионаты өтүүдө
Ысык-Көл облусунун Чолпон- Ата шаарында, парус спорту боюнча Борбор Азиянын чемпионаты өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.
16-майда мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, иш чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев катышты. Ал өз сөзүндө чемпионат жаш спортсмендер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана ынтымакты бекемдей турганын белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалады.
Мелдеш “Круиз” яхт- клубунун базасында өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген спортсмендер катышып жатат.
Чемпионаттын программасына балдардын “Оптимист” классынан тартып, жогорку ылдамдыктагы Faraest-23 килдик яхталарына чейин эл аралык беш класстагы жарыштар кирген. Калыстар тобунун курамына Кыргызстан, Түркия жана Россия мамлекеттеринин эл аралык эксперттери тандалды.
Мелдештер 21-майга чейин уланат.
