КФБ жетекчилиги Ош облусундагы стадиондордун курулушун текшерди
21 февраль

КФБ жетекчилиги Ош облусундагы стадиондордун курулушун текшерди

Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков 20-февралда Ош облусуна жумушчу сапары менен барып, аймактагы футбол инфратүзүм обьектилеринин курулушунун жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу КФБдан кабарлашты. 

Башкы катчы аймактык жетекчилер жана Кыргыз профессионал футбол лигасынын аткаруучу директору Канат Асенов менен бирге учурда Кара-Суу шаарында курулуп жаткан «Манас» стадиону, Өзгөн шаарынын стадиону жана «Өзгөн» футболдук клубунун базасына баш багышып, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, маселе жараткан суроолорду талкуулады.

Белгилесек, объектилердин курулушу быйылкы жылы бүткөрүлөт.