Пенчак Силат боюнча улуттук курама Азия чемпионатында 5 медаль жеңди
16 октябрь

Пенчак Силат боюнча улуттук курама Азия чемпионатында 5 медаль жеңди

Кыргызстандын Пенчак Силат боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатында жалпысынан 5 медаль жеңди. Анын экөө алтын, үчөө коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. 

Мелдештер 7-16-октябрь күндөрү Өзбекстандын Бухара шаарында өттү. 

Чоңдор арасында 70 кг чейинки салмак категориясында Алижан Аблагатов жана кыздар арасында 30 кг чейинки салмак категориясында Арууке Бикбоева Азия чемпиондору болушту.

Ошондой эле, Бексултан Алыбеков (50 кг), Темир Бикбоев (63 кг) жана Азат Бейшенбеков (38 кг) өз салмак категорияларында 3-орунду ээлешти.

Курама команда башкы машыктыруучу Каныбек Бикбоевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.