Айсулуу Тыныбекова 2028-жылы өтчү Олимпиадага катышарын билдирди
Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова чоң спортко кайтып келерин жана 2028-жылдагы жайкы Олимпиада оюндарына катышууну көздөп жатканын билдирди.
Дүйнөнүн үч жолку чемпиону жана Олимпиада оюндарынын байге ээси анын максаты 2028-жылкы Жайкы Олимпиада оюндары экенин айтты.
Ал мелдештер Лос-Анджелес шаарында өтөт.
«Кудай буюрса, мен 2028-жылдагы Олимпиада оюндарына катышам. Мен спортко кайтып келем», – деди Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын алкагында уюштурулган салтанаттуу иш-чарада.
2028-жылкы жайкы Олимпиада оюндары 2028-жылдын 14-июлунан 30-июлуна чейин Лос-Анджелес шаарында өтөт.
Эске салсак, Париждеги Олимпиада оюндарында коло медаль жеңип алгандан кийин Тыныбекова спорттук карьерасын убактылуу токтоткон. 2025-жылдын январында турмушка чыгып, 2026-жылы эне болгон.
Эми атактуу балбан айым кайрадан килемге чыгып, дүйнөдөгү эң башкы спорттук мелдеште медаль үчүн күрөшүүнү максат кылууда.
