Ысык-Көл облусунда “Гран При Ысык-Көл 2026” эл аралык веложарышы өттү
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
13 апрель

Ысык-Көл облусунда “Гран При Ысык-Көл 2026” эл аралык веложарышы өттү

11–12-апрель күндөрү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында “Гран При Ысык-Көл 2026” эл аралык веложарышы болуп өттү.

Мелдештин алкагында жеке убакытка жарыш жана топтук шосселик жарыш уюштурулуп, катышуучулар 100 чакырым аралыкты багындырды.

Иш-чарага Өзбекстан, Казакстан,Түркмөнстандан келген 200 спортчу катышып, курч атаандаштык орун алды.

Спортсмендер төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетишип, жеңүүчүлөр жана байге ээлерине сыйлыктар тапшырылды.

Жаштар арасында:

  • 1 орун – Шахрух Маткаримов (03:00:09.52)
  • 2 орун – Кирилл Шафронов (03:02:13.48)
  • 3 орун – Мухаммад Бахтияров (03:03:35.0)

Кыз-келиндер арасында:

  • 1 орун – Гулхаё Сатторова (03:14:29.02)
  • 2 орун – Татьяна Панина (03:14:03.22)
  • 3 орун – Дарья Кичигина (03:15:37.0)

Эркектер арасында:

  • 1 орун – Камронбек Юлдашев (03:00:02.71)
  • 2 орун – Артем Шапилов (03:00:56.80)
  • 3 орун – Сардор Мухторов (03:01:44.65)