Дүйнө чемпионаты (U-23): Абдымалик Карачев  2-орунду ээледи
28 октябрь

Дүйнө чемпионаты (U-23): Абдымалик Карачев 2-орунду ээледи

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Абдымалик Карачев Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын коло медалына ээ болду.

Спортчу 57 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/8 финалдык беттешт кытайлык балбанды 9:4 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.

1/4 финалдык беттеште американын балбанын 1:1 эсебинде, жарым финалдык беттеште ирандык Али Носсейин 4:3 эсебинде утуп финалга чыкты.

Алтын медаль үчүн беттеште индиялык спортчу Чираг Чирагга жеңилип, өз салмагында күмүш медалга ээ болду.