Байдарка жана каноэ менен сууда сүзүү боюнча курама Азия чемпионатынан кайтып келди
Байдарка жана каноэ менен сууда сүзүү курама командасынын мүчөлөрү бүгүн, 12-майда Кытай Эл Республикасынын Наньчан шаарында өткөн Азия чемпионатынан кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Спортчуларды Акжол өткөрө бекетинен Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жана "Ынтымак"спорт мектебинин өкүлдөрү тосуп алды .
Эске салсак, байдарка жана каноэ менен сууда сүзүү курама командасынын мүчөсү Ерлан Султангазиев Кытай Эл Республикасынын Наньчан шаарында өткөн Азия чемпионатында К-1 стилинди 200 м аралыкка сүзүүдө биринчи орунду ээлеп Азия чемпиону аталган.
