Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы Будапештте өтчү турнирге катышат
сүрөт: United World Wrestling / Amirrez | Источник: United World Wrestling / Amirrez
15 июль

Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы Будапештте өтчү турнирге катышат

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы Венгриядагы эл аралык рейтингдик мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Polyak Imre & Varga Janos Memorial аталышындагы мелдеш 15–19-июль күндөрү Будапешт шаарында өтөт.

Аталган мелдешке Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы катышат.

Курама команданын тизмеси:

  • Арууке Кадырбек кызы (53 кг чейин)
  • Гүлнур Таштанбекова; (65 кг чейин)
  • Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин)
  • Кайыркүл Шаршебаева (72 кг чейин)
  • Айпери Медет кызы (76 кг чейин)

Машыктыруучулар:

  • Нурдин Донбаев (улук машыктыруучу),
  • Нурбек Изабеков (башкы машыктыруучу).