иллюстрациялык сүрөт
15 июль
Акжол Махмудов баштаган балбандар Венгриядагы рейтингдик мелдешке катышат
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Венгриядагы эл аралык рейтингдик мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, мелдеш 16–20-июль күндөрү Будапешт шаарында өтөт.
Аталган мелдешке Кыргызстандын улуттук курама командасы катышат.
Курама команданын тизмеси:
- Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин)
- Автандил Таалайбек уулу (63 кг чейин)
- Раззак Бейшекеев (72 кг чейин)
- Алибек Бердиев (77 кг чейин)
- Акжол Махмудов (82 кг чейин)
- Ырыскелди Максатбек уулу (82 кг чейин)
- Асан Жанышев (87 кг чейин)
- Узур Жусупбеков (97 кг чейин)
- Нурболот Токтогонов (130 кг чейин)
- Эрлан Манатбеков (130 кг чейин)
Машыктыруучулар:
- Арсен Эралиев (улук машыктыруучу),
- Улук Карачолоков (башкы машыктыруучу).
