Манас шаарындагы 5200 орундуу спорт комплексинин сметалык наркы кайра каралды
15 июль

Манас шаарындагы 5200 орундуу спорт комплексинин сметалык наркы кайра каралды

Эске салсак, буга чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Манас шаарындагы борбордук спорт сарайынын курулуш-монтаждоо иштери шаардык мэриясы тарабынан 2025-жылы башталып, долбоордун жалпы сметалык наркы 3 миллиард сомдон ашык экендиги аныкталган. Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан долбоордун сметалык эсептери кайра каралып, наркы такталган.

Натыйжада курулуштун жалпы сметалык наркы 2,6 миллиард сомду түздү. Муну менен 479 миллион сом бюджеттик каражат үнөмдөлдү. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүп, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Башкы планга ылайык, спорт комплексинин жалпы аянты 2,5 гектарды түзөт. Анда 5200 көрүүчүгө ылайыкталган футбол аянтчасы, VIP коноктор үчүн атайын орундар, төрт кабаттуу административдик имарат, эл аралык стандарттарга жооп берген бассейн, машыгуу аянтчалары, медициналык пункт, тамактануучу жайлар жана унаа токтотуучу жайлар каралган.