Сүрөт ачык булактардан алынды
15 октябрь
Кыргызстандын U-19 футзал боюнча курамасы Өзбекстандын экинчи ирет жеңди
Кыргызстандын 19 жашка чейинки футзал боюнча улуттук курама командасы Өзбекстандын курамасын экинчи жолу утту.
Экинчи жолдоштук беттеш 14-октябрда Бишкектеги Улуттук футбол академиясынын спорт комплексинде өтүп, 4:2 эсебинде кыргызстандыктардын жеңиши менен аяктады.
Кыргызстандын курамынан Элдияр Камакунов 2-мүнөттө, Атай Каныбеков 22-мүнөттө, Нурдин Мендибаев 30-мүнөттө жана Даулес Жакыпов 35-мүнөттө гол киргизишти.
Командалардын алгачкы жолдоштук беттеши 12-октябрда өтүп, анда да Кыргызстандын курамасы 2:1 эсебинде жеңишке жеткен. Ал оюнда Даниэль Карыбеков 14-мүнөттө, Нурдин Мендибаев 38-мүнөттө гол киргизген.
Ошентип, Кыргызстандын U-19 курамасы Өзбекстандын командасын эки жолдоштук беттеште тең жеңди.
