Кыргызстанда алгачкы эл аралык профессионалдык бокс турнири өттү
“Бишкек Арена” муз майданында 20-июлда Япониянын “SAIKOU LUSH” промоутердик компаниясы тарабынан уюштурулган Кыргызстандагы алгачкы эл аралык профессионалдык бокс турнири болуп өттү.
Ири спорттук иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов, Улуттук Олимпиадалык комитеттин президенти Умбеталы Кыдыралиев, профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону, белгилүү мушкер Орзубек Назаров, ошондой эле Япониянын “SAIKOU LUSH” компаниясынын өкүлдөрү жана бокс спортунун күйөрмандары катышты.
Турнирдин жүрүшүндө Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Япониянын, Уганданын жана Филиппиндин мушкерлери рингге чыгып, эл аралык деңгээлдеги таймаштар болуп өттү.
Көрүүчүлөрдүн өзгөчө кызыгуусун жараткан учур Париж Олимпиадасынын күмүш байге ээси Мунарбек Сейитбек уулунун профессионалдык рингдеги дебюттук беттеши болду.
Эл аралык спорттук иш-чара ата мекендик ырчылардын концерттик номерлери менен коштолуп турду.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен өттү.
