Максмат Алимов Улуттук курама командасындагы карьерасын жыйынтыктады
2 февраль

Максмат Алимов Улуттук курама командасындагы карьерасын жыйынтыктады

Кыргыз футзалынын легендасы Максат Алимов Кыргызстандын Улуттук курама командасындагы оюнчулук карьерасын жыйынтыктады.

2026-жылкы Азия Кубогунун тайпалык баскычындагы Түштүк Корея курама командасына каршы өткөн беттеш Максат Алимов үчүн Улуттук курамадагы акыркы оюну болду.

Максат курамадагы дебютун 2013-жылы, 2014-жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарында жасаган. Ошондон бери анын ысымы кыргыз футзалынын тарыхына түбөлүккө жазылып калды.

Ал карьерасынын жүрүшүндө 5 жолу Азия Кубогуна катышып, 2018–2025-жылдары курама команданын капитаны болуп, көптөгөн чечүүчү голдордун автору жана команданы жеңишке шыктандырган чыныгы лидер болду.

Максат – бул жан үрөп ойноонун, бекем мүнөздүн жана оюнга болгон чексиз сүйүүнүн символу. Анын кыргыз футзалынын өнүгүшүнө кошкон салымы зор.