Ысык-Көлдө КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин эл аралык спорт оюндары өтүүдө
Ысык-Көлдүн көгүлтүр жээгинде КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин XXIII Эл аралык Ысык-Көл спартакиадасы өтүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мелдештер 2024-жылдын 4-сентябрынан 12-сентябрына чейин спорттун 24 түрү боюнча өткөрүлөт. Бул жылы оюндар “Азия – шериктештиктин жана тынчтыктын аймагы” деген ураан астында өтүүдө.
Белгилей кетсек, оюндар 2001-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет жана жыл өткөн сайын долбоорго катышкан мамлекеттердин арасында популярдуулукка ээ болууда.
XXIII оюндарга КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнөн жалпысынан 3 миңдей спортчу катышат.
Ошентип 9-сентябрда волейбол боюнча мелдеш болуп, ага 8 командадан 80 адам катышты.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр:
1-орун – Бишкек шаарынын “Дордой” командасы;
2-орун – Ош шаарынын ОшМУ командасы;
3-орун – Бишкек шаарынын “Фарватор” командасы.