Кыргызстандык 17 калыс ФИФАнын лицензиясына ээ болду
2 февраль

Кыргызстандык 17 калыс ФИФАнын лицензиясына ээ болду

Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) 2026-жыл үчүн жаңыланган тизмесине кирген кыргызстандык калыстар жана калыс жардамчыларына ФИФАнын лицензияларын тапшырды.

Эске салсак, ФИФА тарабынан жарыяланган тизмеге Кыргызстандан жалпы 17 калыс жана калыс жардамчысы кирип, алар өлкөбүздүн атынан эл аралык мелдештерде калыстык кылышат.

Ошондой эле жолугушуунун алкагында Медербек Сыдыков Түркиянын Анталия шаарында өтө турган окуу-машыгуу жыйынына (УТС) катыша турган калыстар менен да баарлашты. Башкы катчы бардык катышуучуларга ийгиликтерди каалап, жыйын жогорку деңгээлде өтөрүнө ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны 2-февралдан 18-февралга чейин Анталия шаарында өтөт. Ага жалпы 18 калыс, 24 калыс жардамчысы, Кыргыз футбол биримдигинен 7 инструктор, АФКдан 1 инструктор, ошондой эле дарыгер-массажист катышат.

Бул жыйын калыстардын физикалык даярдыгын жогорулатууга, теориялык билимдерин бекемдөөгө жана эл аралык стандарттарга ылайык тажрыйбасын арттырууга багытталган.