www
14 июль
Айсулуу Тыныбекова Лос-Анжелес Олимпиадасына чейинки эки жылдык саноону баштады
Лос-Анжелесте өтө турган 2028-жылкы жайкы Олимпиада оюндарынын ачылышына туура эки жыл калды. Бул тууралуу кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Артка саноо башталды. Туура эки жылдан кийин 2028-жылдын 14-июлунда жайкы Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өтөт", - деди спортчу.
Ошондой эле Айсулуу Тыныбекова күйөрмандарына кайрылып, алдыдагы Олимпиада оюндарында ким кыргыз курама командасына күйөрмандык кылууну пландап жаткандыгына кызыкты.
Расмий мелдештердин календарына ылайык, Лос-Анжелестеги жайкы Олимпиада оюндары 2028-жылдын 14-июлунан 30-июлуна чейин өтөт. Оюндардын салтанаттуу ачылыш аземи 14-июлда болот.
