«Баары лыжа тебүүгө!» кышкы майрамы балдарга активдүү жана жаркын күн тартуулады
9 февраль

«Баары лыжа тебүүгө!» кышкы майрамы балдарга активдүү жана жаркын күн тартуулады

8-февраль күнү Чоң-Таш айылындагы тоо боорунда салттуу «Баары лыжа тебүүгө!» кышкы майрамы өткөрүлдү. Бишкектин төрт районунан келген 400дөн ашуун балага унутулгус эмоциялар жана майрамдык маанай тартууланды.

Иш-чара концерттик программа менен башталып, спорттук эстафеталар жана кызыктуу конкурстар уюштурулду. Ар бир катышуучу эсте калаарлык белектерге ээ болду. Мындан тышкары, кышкы майрамдын катышуучулары үчүн ысык тамак уюштурулган.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурду.

Балдардын иш-чарага ыңгайлуу катышуусу үчүн бардык шарттар түзүлдү: транспорт менен камсыздоо, медициналык жардам жана жол коопсуздугу камсыздалды.

Иш-чаранын максаты – кышкы спорттун түрлөрүн жайылтуу, спорт жана активдүү эс алууга болгон кызыгууну бекемдөө, ошондой эле массалык иш-чаралар аркылуу алардын коомго аралашуусуна өбөлгө түзүү.

«Баары лыжа тебүүгө!» майрамы борбор калаанын жыл сайын өткөрүлүүчү кышкы салтына айланды.