V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына спортчулардын формасы даяр болду
30 август

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына спортчулардын формасы даяр болду

Белгилей кетсек, 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин Астана шаарында (Казакстан Республикасы) V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага Кыргызстандан 183 спортчу катышат.

Аталган оюндардын салтанаттуу ачылыш аземине жана машыгууга кие турган Кыргызстан курама командасынын параддык жана спорттук экипировкасы даяр болду.

Параддык форманы курама команда 8-сентябрь күнү V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде кийип чыгат. Параддык жана спорттук экипировканы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ата-мекендик компания “Bigser sport” даярдады.

Жалпы экипировка 10 элементтен турат: атайын параддык форма ( калпак, блейзер-пиджак, поло футболка, шым), спорттук форма ( кепка, бомбер куртка, футболка, карго шым, спорттук бут кийим, рюкзак).

Эске салсак, экипировканы Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы менен биргеликте атайын даярдалган дизайндын негизинде “Bigser sport” компаниясы менен келишим түзгөн.