Кыргызстандык балбандар Иван Ярыгин Кубогунда күмүш жана коло медалга ээ болду
Кыргызстандык балбан кыздар Дилназ Сазанова менен Нурзат Нуртаева 29-январдан 1-февралга чейин Россия Федерациясынын Красноярск шаарында өткөн кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык турнир - Иван Ярыгин Кубогунда ийгилик жаратты.
62 кг чейинки салмак категориясында Дилназ Сазанова күмүш медалга татыды. Финалга чейинки жолунда ал бир катар ишенимдүү беттештерди өткөрүп, кыргызстандык Акылай Чыныбаеваны, россиялык Анастасия Сидельникова менен Екатерина Олейниковаларды жеңди.
Алтын медаль үчүн финалдык таймашта Сазанова Азия чемпионатынын жана 2025-жылдагы дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси - КЭДРдин өкүлү Ок Джу Ким менен күч сынашып, 2:12 эсеби менен утулду. Турнирдин жыйынтыгында Дилназ Сазанова экинчи орунду ээледи.
Кыргызстан курама командасынын байге куржунун Нурзат Нуртаева да толуктады. Ал 72 кг салмак категориясында үчүнчү орун үчүн болгон беттеште 2025-жылдагы Европа чемпионатынын (23 жашка чейинкилер арасында) жеңүүчүсү - россиялык Кристина Братчикованы 6:0 эсеби менен ишенимдүү утуп, коло медаль жеңип алды.
