Кыргызстандык каратэчилер Түркиядагы эл аралык мелдеште 3 коло медаль жеңди
18 декабрь

Кыргызстандык каратэчилер Түркиядагы эл аралык мелдеште 3 коло медаль жеңди

Кыргызстандык каратэчилер Түркиядагы эл аралык мелдеште 3 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

Каратэ боюнча эл аралык мелдеш 12-14-декабрь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өттү. Мелдеште 35 мамлекеттен келген 1700гө жакын спортсмен күч сынашты. Ага Кыргызстандын атынан 11 каратэчи катышып, 3 коло медалга ээ болду.

Раид Абожмей 8-9 жаштагылар арасында 30 кг чейинки салмак категориясында (кумитэ);

Нуртилек Саидов 16-17 жаштагылар арасында 55 кг чейинки салмак категориясында (кумитэ).

Ал эми Айдар Жолчиев, Тимур Жолчиев, Азиз Муратов жана Эмир Жалаловдон турган курама команда 16-17 жаштагылар арасында командалык беттеште коло медаль утту.

Мелдешке Кыргыз Республикасынын Улуттук Сетокан каратэ-до федерациясынын улук машыктыруучусу Абдибек Апсатаровдун жетекчилигинде катышты.