Astana IT University Кыргызстандагы билим берүү уюмдарын эл аралык сынакка катышууга чакырат
14 февраль

Astana IT University Кыргызстандагы билим берүү уюмдарын эл аралык сынакка катышууга чакырат

Astana IT University Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарын дрон-рейсинг жана авиамоделдөө боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык AITU KazRoboDrone конкурсу жөнүндө маалымдайт. Иш-чара 2026-жылдын 19-20-февралында Казакстан Республикасынын Астана шаарында өтөт.

AITU KazRoboDrone конкурсу – бул мектеп окуучулары жана студенттер арасында робототехника, учкучсуз учуучу аппараттар жана инженердик билим берүү тармагындагы компетенцияларды өнүктүрүүгө багытталган эл аралык билим берүү жана технологиялык иш-чара.

Иш-чара жыл сайын туруктуу өсүштү жана билим берүү коомчулугунун жогорку кызыгуусун көрсөтүүдө. Өткөн жылы мелдешке 553 катышуучу катышса, быйыл алардын саны 1 278 адамга жетти. 2026-жылы 10дон ашуун чет өлкөдөн командалардын катышуусу күтүлүүдө.

Конкурска төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү чакырылат:

• жалпы билим берүүчү мектептер;
• колледждер жана техникалык лицейлер;
• жогорку окуу жайлар;
• адистештирилген билим берүү жана жаштар уюмдары.

Конкурска катышууга байланыштуу бардык чыгымдар (жол кире, жашоо, тамак-аш жана башка кошумча чыгымдар) катышуучулардын же аларды жөнөтүүчү уюмдардын эсебинен жабылат.

Бул иш-чара окуучулардын инженердик ой жүгүртүүсүн, практикалык техникалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана эл аралык билим берүү кызматташтыгын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарын бул иш-чарага катышуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымдайбыз.