Кыргызстан жана Россия билим берүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөдө
27 январь

Кыргызстан жана Россия билим берүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөдө

КР билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 24-январда Россия Федерациясына расмий иш сапары менен барып, РФнын агартуу министри Сергей Кравцов менен жолугушту.

Тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда "Евразия лицейи" мектептерин колдоого өзгөчө көңүл бурулду. Сүйлөшүүлөрдүн алкагында тараптар профилдик класстарды каржылоо жана окутуунун сапатын жогорулатууга мүмкүндүк бере турган заманбап окуу китептери менен камсыз кылуу боюнча макулдашышты.

Ошондой эле Россияда кыргызстандык мигранттардын балдарын окутуу маселеси көтөрүлдү. Каттоосу же жашап турууга уруксаты жок мектептерге кирүүдөгү тоскоолдуктар, ошондой эле орус тилин билүү боюнча милдеттүү тестирлөөгө байланыштуу кыйынчылыктар талкууланды. Маселени чечүү үчүн Башкыр педагогикалык университети менен биргеликте орус тили боюнча онлайн курстарды түзүү сунушталды.

Иш сапарынын дагы бир маанилүү натыйжасы россиялык "Просвещение" басмасынын окуу китептерин Кыргызстандын билим берүү стандарттарына ылайыкташтыруу үчүн жумушчу топ түзүү жөнүндө макулдашуу болду.

Мындан тышкары, министр Москванын "Энергия" № 1502 балдар мектебине жана анын "Гамма" инженердик корпусуна барып, окуучуларды кесипке чейин даярдоо ыкмалары менен таанышты. Бул тажрыйбаны Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде колдонуу мерчемделүүдө.

Иш сапары Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы билим берүү байланыштарын чыңдоонун, ошондой эле кыргызстандык мектеп окуучуларын окутуу үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу шарттарды түзүүнүн жаңы перспективаларын ачты.