Талас: Кара-Суу айылындагы мектеп быйыл бүткөрүлөт
4 сентябрь

Талас: Кара-Суу айылындагы мектеп быйыл бүткөрүлөт

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Кара-Суу айылында көп жылдан бери курулуп жаткан 225 орундуу мектеп быйыл жыл аягына чейин пайдаланууга берилет. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, 2016-жылы башталган.

Жалпы аянты 948 чарчы метрди түзгөн мектеп эки кабаттуу окуу корпусунан жана спорт залынан турат. Курулуш-монтаждоо иштери заманбап талаптарга ылайык аткарылып, окуучулардын билим алуусу үчүн бардык шарттар каралат.