Агартуу министрлиги мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынарын билдирди
4 сентябрь

Агартуу министрлиги мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынарын билдирди

Мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, окуучуларга жана алардын ата-энелерине (аларды алмаштырган адамдарга) мыйзамсыз акча каражаттарын алуу же моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү фактылары аныкталган учурда күнөөлүү адамдарга карата ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жаза чаралары колдонулат.