Ош шаарынын мыкты окуучулары үчүн жайкы лагерь ачуу демилгеси көтөрүлдү
24 ноябрь

Ош шаарынын мыкты окуучулары үчүн жайкы лагерь ачуу демилгеси көтөрүлдү

Ош шаарынын мэринин орун басары Нурлан Закиров Башкир мамлекеттик педагогикалык университетинин (БГПУ) проректору Радик Юлбаев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты күчөтүү боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жолугушууда билим берүү жана маданий багытта биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, мугалимдердин тажрыйба алмашуусу, мектеп окуучулары үчүн жаңы программаларды иштеп чыгуу талкууланды.

Ошондой эле Ош шаарынын мыкты окуучулары үчүн жайкы лагерь ачуу демилгеси көтөрүлдү.

Тараптар белгилүү педагогдордун лекцияларын жана мастер-класстарын уюштурууну, ошондой эле эки региондун мектептерине белгилүү жазуучулардын ысымдарын берүү мүмкүнчүлүгүн карашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташууну улантууну жана пландаштырылган долбоорлор боюнча документтерди даярдоого киришүүнү макулдашты.