президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
9 сентябрь
Жалал-Абад облустук китепканасында 3 миң китеп реставрациядан өткөрүлөт
Жалал-Абад облустук китепканасында эскирген жана окурмандар тарабынан көп суралган адабияттарды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, долбоорду ишке ашырууга 212 миң 650 сом бөлүнүп, анын алкагында 18 жумушсуз жаш жаран убактылуу жумуш менен камсыздалды.
Долбоор Манас шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан каржыланууда.
Учурда китепкана фондундагы 2 миң китеп реставрациядан өткөрүлдү. Сентябрь айынын аягына чейин жалпы 3 миң китепти калыбына келтирүү пландалууда.
Долбоор китеп фондун сактоого, окурмандар тарабынан көп талап кылынган адабияттарды кайра пайдаланууга шарт түзүүгө жана жаштарды убактылуу жумуш менен камсыз кылууга багытталган.
