Министр Орунтаев 47 жылдан бери биринчи жолу оңдоодон өтүп жаткан мектепке барды
5 декабрь

Министр Орунтаев 47 жылдан бери биринчи жолу оңдоодон өтүп жаткан мектепке барды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында 47 жылдан бери биринчи жолу капиталдык оңдоодон өтүп жаткан Түп айылынын В. Кайкин атындагы орто мектептин курулушу менен таанышты.

Бүгүнкү күндө мектептин ичиндеги иштер бүткөрүлүп, жууп-тазалоо этабына жетти. Ал эми сырткы футбол талаасы толук жаңыланып, учурда мектептин аймагы көрктөндүрүлүүдө. Мындан тышкары мектепке сырткы баскетбол жана волейбол талаасы салынды.

Курулуш иштери Министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Капиталдык оңдоо иштерин 2025-жылдын аягына чейин толук бүткөрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, мектеп 1978-жылы пайдаланууга берилип, андан бери косметикалык оңдоп-түзөө гана жүргүзүлүп келген. 2025-жылдын июнь айында республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоо иштери башталган.