12 жылдык билим берүү: окуучуларга автоунаа айдоону үйрөтүү өзүнчө предмет болуп кирет
14 март

12 жылдык билим берүү: окуучуларга автоунаа айдоону үйрөтүү өзүнчө предмет болуп кирет

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин «Мекенчил» фракциясынын жыйынында министрликтин 2025-26-окуу жылындагы планы менен тааныштырды. 

Министр белгилегендей, 3-4 жылдан кийин дүйнө жүзүндө 57 кесип жоголот жана жасалма интеллектке байланышкан рыноктук кызматтар жана талаптар жогорулайт. Ага байланыштуу азыртадан келечек кесип ээлерин туура багытка багытоо максатында орто билим берүү 12 жылга узартылууда. 

Депутат Бекмурза Эргешов орто мектептерге автоунаа айдоону үйрөткөн сабак киргизүүнү сунуштады. 

«Биздин бала кезде бул нерсеге мектеп курагында үйрөтүшчү. Азыр да аны 10-11-класстын окуучулары үчүн киргизүү керек. Бизде автомектептерде бир жарым жыл окуп текст тапшыра албай калгандар бар. Бирок баары машина айдоону каалашат. Жеке менчик автомектептер көбөйдү, баары ага барышып жатат, бирок ал жакта кандай окутуп жатканын эч ким билбейт. Ошондуктан автоунаа айдоого үйрөтүү мектептерге предмет катары кирсе туура болмок», – деди депутат. 

Билим берүү министри 12 жылдык билим берүү системасында бул нерсе каралганын белгиледи.