Кытай мамлекети (КЭР) Кыргызстан жарандарына 15 мамлекеттик стипендия бөлөт
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги бакалавр, тилдик стажировка, магистратура жана докторантура программалары боюнча Кытай Эл Республикасынын алдыңкы жогорку окуу жайларында 2026–2027-окуу жылына билим алуу үчүн Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик стипендияларын алуу боюнча конкурс жарыялайт.
Стипендиялар 2015-жылдын 16-декабрында Бээжин шаарында кол коюлган билим берүү тармагындагы кызматташтык боюнча ведомстволор аралык Келишимдин алкагында берилет.
Стипендия төмөнкүлөрдү камтыйт:
• окууга акы төлөө;
• жатаканада жашоо;
• ай сайын стипендиялык жөлөкпул;
• медициналык камсыздандыруу.
Авиакаттам жана виза алуу чыгымдары стипендия пакетине кирбейт жана өз алдынча төлөнөт.
Конкурска катышуу шарттары боюнча толук маалымат student.edu.gov.kg порталынан жеткиликтүү.
